Текебаевге Токмоктун депутаттары келип кол салышканбы?ВИДЕО

Вulak.kg редакциясына Токмок шаардык кеңешинин учурдагы депутаты Чолпон Сыдыкова келип Өмүрбек Текебаевге ким кол салганы тууралуу жар салды. Анын айтымында учурдагы Токмок шаарынын мэри жана анын туугандары, жакындары бүгүнкү митингге да келишкен.

Сыдыкова Семетей Аманбековдон кол салуу болгондугу тууралуу угуп калып, тасманы тыкыр изилдеп карап, байкоо салган. Анда даана байкалгандай, Анарбек Маликов деген жаран – бул Медербек Саккараевдин тууганы экени көрүнгөн. Алар эки маршрут банда менен келишкен.Кийин Беспредел кж порталындагы видеодогуну да токмоктуктар тааныган. Саамаев Урмат, Маликов Анарбек, Дуйшенкулов Дастан булар бир банда, – деди ал.

YouTube video

Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болуп, анын телефонун белгисиз бирөлөр алып кетишкен. Болгон окуянын кыскача бөлүгү видеого тартылып, соцтармакка тарады.

Анда Текебаев белгисиз жаран менен жулмалашып жатканы жана аларды ондогон адамдар курчап турганын көрүүгө болот.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болуп, анын телефонун белгисиз бирөлөр алып кетишкен. Өмүрбек Текебаев дин айтымында бул окуя менен аны коркутуу аракети болгон. Текебаевдин айтымында, кол салгандар анын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кетишкен.