“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоочуларга жана талапкерлерге кайрылды.
Саясатчы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алардын добушу уурдалганын айтты.
“Сиздердин добуш туура берилгенине, туура колго түшкөнүнө ишенсеңиздер болот. “Ата Мекен” партиясынын талапкерлери аз акча кетирип натыйжалуу шайлоо кампаниясын өткөрдүк. Иликтөөгө караганда, алдыңкы лидерлердин тобунда куйрук улаш бара жатканбыз. Бирок жасалмалоо, административдик ресурстун аралашуусунун, каржылык басымдын жыйынтыгында добуштарыбыз уурдалды.
Бийликтин партиясы дегендерге добуштар кошулду. Ошондуктан сиздердин жеңиш колубузга тийген жок”, – деди саясатчы.