Талас: Мирлан Назарбековдун тарапташтары митингге чыгышты

Бүгүн, 30-ноябрь күнү саат 13:00 чамасында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында адамдар топтолду.

Бул тууралуу Turmush басылмасы жарыялады.

Маалым болгондой, алар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Мирлан Назарбековдун тарапташтары. Чогулгандар шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбаганын, шайлоодо добуш сатып алуу болгонун айтууда.

Буга чейин алдын ала жыйынтык боюнча №20 Манас шайлоо округунан парламентке Дастан Жумабеков өткөн.

БШКнын кол санак боюнча алдын ала маалыматты:

Талапкерлер:Добуштардын саны%
№1 ШАРШЕНБЕК САРДАР
8432.52%
№2 НАЗАРБЕКОВ МИРЛАН РЫСБЕКОВИЧ
13 04638.99%
№3 МАМБЕТКУЛОВ ЗАМИРБЕК ТОКТОГУЛОВИЧ
1 2043.60%
№4 ЖАКЫПБЕКОВ ШАДЫКАН МЫРЗАКАНОВИЧ
3441.03%
№5 ЖАКЕЕВ АЛМАЗБЕК АЛМАНБЕТОВИЧ
2 8928.64%
№6 ЖУМАБЕКОВ ДАСТАНБЕК АРТИСБЕКОВИЧ
13 17139.37%
№7 БААРЫНА КАРШЫ
9222.76%