Фейсбук колдонуучусу Бегжанов Исмат жеке баракчасына улам митингге чыгып, шайлоону тааныбай жаткан Өмурбек Текебаевге кайрылды.
“Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, менин жердеш авам Өмурбек Текебаев, женилгенин билип туруп , 2010-жылкы шайлоонун жыйынтыгындай өзүнүн сүрүн көргөзүп, кантип болбосун Жогорку Кеңешке кирип алуунун амалын жасап атат, так ошол 2010-жылы ызычуу салып ,аран мандат алган эле. Эми мындай Өмүрбек ава сизге мандат керек болсо ,кыргыз элине стабилдуулук керек, бул шайлоону бир эле кыргыз эли күткөн жок, чет жактан келчүү инвесторлор да күн санап күтүп келди, мына ошолордун үмүтүнө, кыргыз элинин ырыскысына, суу сеппениз” , – деген ал.
- Эми сиздин кадыр баркынызга өтөйүн, эгер сиз он беш жыл мурункудай мекенчил , элдин үнүн бийлике тайманбастан айтып, эл тарабында болгонунузда, биз Базар-Коргон эли бир добуштан шайлап, сизди бул күнгө чейин президент кылып коймокпуз,бирок андай болгон жок, себеби эл сизге ишенбейт. Сиз шайлоолордо эл тарапка секирип өтөсүзда, шайлоо бүткөндөн кийин бийликке жагалданып, элди биротоло унутасыз, тагырагы бир бутунуз оппозиция, бир бутунуз позиция, талтайып жүрүп ,өзүнүздүн кадырынызды жоготуп алдыныз.
Бул шайлоодо болсо, өзүнүздүн ата журтунуз Базар-Коргондон 5%да добуш албаптырсыз, анан кайсыл добушунузду жоготуп,издеп жүрөсүз?
Ал эми Базар-Коргон элинин бирда көйгөйүн бирда жолу парламенттен көтөрүп койгонго жараган эмессиз, анан кантип сизди эл шайласын? Элдин кызматын кылчуу жаны эр азаматтар бар экен ,бул ирет парламентте сиздин ордунузду басчуу Медер. Алиев ,Эрулан Кукулов, мына ушулардын заманы келди Өмурбек ава , азыр да кеч эмес , Базар-Коргонго келиниз , эл арасында бактулуу карылык доорун сүрүнүз, парламентте мындан ары сизге орун жок !
Мындай таза шайлоону бирда президент өткөрө алган эмес !
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Келгиле ызычуудан алыс болуп , ойу бузук саясатчылардын курмандыгы болбойлу , алсырап турган өлкөбүздү, ого бетер уратып албайлы, заман өзгөрдү ,жаны муун дар келе баштады, өлкөбүздү болуп көрбөгөндөй башка нукка буруу ,мына биздин колубузда. Митинг, пикет бул мамлекетке пайда эмес зыян алып келет , өнүгүүгө бет алалы ,өлкө башчыбызга жардам берели.
Урматым менен Бегжанов Исмат Замирбекович.