Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери ички иштер органдарынан четтетилди

Чүй ОИИББи: Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери ички иштер органдарынан четтетилди

Социалдык тармактарда эки милиция кызматкери Ысык-Ата районунда жайгашкан аймактык шайлоо тилкелеринин биринин жанында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү коомдук тартипти камсыздоо үчүн кызмат өтөп жаткан учурунда мас абалында болгон видео тараган.


2021-жылдын 28-ноябрында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери тарабынан ИИОнун кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын эки кызматкери милициянын улук лейтенанты О.Т. жана милициянын прапорщиги Ш.А. кызматтык тартипти бузуп, аларга бекитилген аймактык шайлоо тилкесинде мас абалында жүргөндөрү аныкталганын маалымдайбыз.


Аталган кызматкерлер Кант шаарынын аймактык ооруканасына медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жеткирилип, мас абалында экендиги тастыкталган.
Чүй облусунун ИИББнын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ИИМдин ички буйруктарынын талаптарын, ИИОнун кызматкеринин Кесиптик этика кодексин, ИИОнун кызматкерлеринин жүрүм-турум эрежелерин, Чүй ОИИББдин буйругун одоно бузгандары үчүн Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери тең Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан четтетилди.


Андан сырткары, Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин бир нече жетекчиси катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылды.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы