
Сузак районунда окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Сумаянын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 27-ноябрда болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан телефон чалуу болуп, ошол эле райондун Арал айылындагы Көк-Арт суусу аккан чоң сайдын жээгинен болжол менен 8-12 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы кабарлаган.
Жерине Сузак РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барышкан. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Анын өздүгү такталып, Сумая Хосилжанова экендиги белгилүү болгон.