Сахалинде 76 добуш менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы лидер болууда

Россиянын Сахалин аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун добуш берүүсү аяктады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Сүрөттө көрүнгөндөй, Сахалиндеги алдын ала жыйынтык боюнча, 76 добуш менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы лидер болууда. “Ишеним” партиясы 32 добушу менен экинчи орунга жайгашса, “Ыйман Нуру” партиясы 16 добушу менен үчүнчү орунда.

Кыргыз өлкөсүндө добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө жарыялана баштайт.