Электр энергиясын үнөмдөө – катаал кыштан чыгуунун жалгыз жолу

0
95

Кыргызстанда электр энергия кризиси жаралып, карапайым калк, өндүрүш кооптуу абалга кептелди. Токтогул суу сактагычында да суу адаттагыдан алда-канча төмөндөп кеткендиги айтылууда. Бул маселе боюнча BULAK.KG маалымат порталы серепчилерге кайрылып кырдаалдан чыгуунун жолдорун сурап билди.

Батыркул Баетов – серепчи:

Биринчи кезекте мамлекеттик мекемелерде электр энергияны үнөмдөш керек

“Азыркы электр энергиянын тартыштыгы илгертен келе жаткан маселе. Электр энергия чыгаруу мүмкүнчүлүктөр аз болгондуктан аталган көйгөй жыл сайын күчөп келе жатат. Бүгүнкү күндө энергиянын 65 пайызын жашоо тиричилиги үчүн эл колдонсо, 35 пайызын өндүрүш жана социалдык мекемелер колдонот.

Менимче азыр биринчи кезекте өкмөттүк, социалдык, муниципалдык жана мамлекеттик ишканаларда, мамлекеттин катышуусу бар жайларда электр энергиясын катуу режимде үнөмдөш керек. Энергияны бюджеттен алгандардын көбү жетиштүү деңгээлде үнөмдөбөйт, себеби бюджет төлөп берип жатпайбы. Менимче расмий чечим болуп, алардын лимитин 3 пайызга кыскартуу керек, анткени жыл сайын керектөө 5 пайызга өсүп жатат. Мына ушундай негизде иш алып барсак, абдан чоң көлөмдө электр энергиясын утканга жол ачылат, бюджет акчасы да үнөмдөлөт.

Ошондой эле экономикалык ыңгайлуу механизмди табуу аркылуу азыркы  77 тыйын жана 2 сом 16 тыйын жана 1 сом 48 тыйын менен тарифти көтөрбөй эле, эсептөө прибору аркылуу ар бир үй-бүлөнүн колдонгон көрсөткүчтөрүн байкап көрүш керек. Ушул жол менен иштесек гана тартип болот. Элди да бул баа менен кызыктыра алабыз. Бүгүнкү күндө үнөмдөө болбой эле, иштелип чыккан энергиянын көлөмү да өспөй оор кырдаал жаралып турат.

Демек, эң алгач мамлекеттик сектор андан соң жеке менчик сектор менен эл үнөмдөөгө өтүшү зарыл болууда. Кийинки маселе, катарлаш жүрүшү керек болгон генерацияны көбөйтүү. Бизде көмүр көп болгондуктан жылуулук электр станцияларын иштетип, бир жылда эле жакшы натыйжа көрсөтүүгө болот. Азыркы министрлик ушул эле багыт менен иш алып барууда, бирок мындан да аракетти күчөтүш керек.

Азыр бийик тоолуу алыс аймактардагы элдин көбү көмүрдү аз алып, электр энергиясына өтүп кетишиптир. Бул көрүнүштөрдүн бардыгы кооптуу болуп жатат.

20 жылдан бери эле, электр энергиясы бизде эң арзан, бирок ГЭС куруу көп жылды жана чоң каражатты талап кылат, ошондуктан үнөмдөйлү деп какшап эле келатабыз. Эң негизгиси тариф саясатын туура жүргүзүү талабы керек. Маселен, аз колдонгон үй-бүлөлөргө арзан, орточо колдонгондорго тиешелүү баа менен жана көп колдонгондорго бүгүнкү эле иштеп жаткан 2 сом 16 тыйын деген бааны койсок, үй тиричилигине жумшаган элге стимул болмок. Бул баалар рынок шартында бүгүнкү күндө деле бар, бирок биз стимул берүүчү функцияларын колдоно албай жатабыз”.

Калый Рахимов – серепчи:

Өзбек, казак тарап өзүбүзгө жептей жатат деп электр энергиясын бербей жатат

“Мурунку президенттерибиз, өкмөт элге жагабыз деп тарифти төмөн кармап келип жатышты. Акча жетишпей калып жатканын да көрдүк. Атайы энергокомпаниялар жылдарды финансылык жактан артка кетүү менен жыйынтыктап жатты. Энергетиканы өстүргөнгө акча болбогондуктан азыркы кризис абалга кептелдик. Негизи элди камсыз кылышы үчүн өнөр-жай болобу же энергетикабы керектөөдөн ылдамыраак өнүгүп турушу керек. Бизде тилекке каршы андай болбой калды.

Маселен, 2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинде Бакиев агрегат койдурган. Ошол убактан бери экинчи агрегатты 11 жылдан бери кое албай келебиз. Жарым жылда эле экинчи агрегат жарым млрд кВт саат электр кубатын бермек.

Өзбек, казак тараптар өзүбүзгө жетпей жатат деп электр энергиясын бербей жатышыптыр. Мындай кыйын кырдаалда, айлабыз жок, үнөмдөп, чыдап энергетикага жардам кылыш керек. Же болбосо, тарифти аз-аздан көтөрүп туруш керек эле. Бакиев убагында дароо көтөрүп жиберип бийликтен кулап калбадыбы. Ошол мезгилдерден кийин тарифти өзгөрткөндөн, көтөргөндөн калгандары коркуп калышты. Азыр күйүүчү май, азык-түлүк бардыгы кымбаттап экономиканын мыйзамдары бузулуп жатат. Буга байланыштуу быйыл 10-15 тыйын кошулушу керек эле. Бирок, эл чатак чыгарат деп корктук.

Мындан ары ар түрдүү жолдорду карап, майда, орто жана чоң ГЭСтерди, Кара-Кечеде жылуулук станцияларын куруш керек деп атабыз. Бир жагынан акчабыз жок, экинчи жагынан карыз да болуп калдык. Президентибиздин айтымында энергетиктер 130 млрд сом карыз болдук. Бул сумма негизинен кытайдын Эксимбанкына болгон карыздар. Мындай акыбалда өзүбүздүн келечек үчүн эл көмөктөшүп, жардам кылышы керек.

Убагында Каримов бизди коркутуп албадыбы, алардан кооптонуп жатып эле миллиард доллар иштетип жибердик. Тескерисинче биз аларды коркутууга дараметибиз бар эле да. Фергана өрөөнүнө тажиктер энергия бербей, бизден алып келишкен. Сууну да биздин өлкөдөн алышчу. Биз канча деген суммадагы каражатты коротуп коюп, анын пайдасын көрө алган жокпуз. ТЭЦ зыяны менен иштеп келүүдө,

Токтогул ГЭСинде да суунун деңгээли бир топ эле азайып калды. Бирок мындай кыйынчылыктардан чыга алабыз деп ойлойм, эгемендүүлүктү алгандан бери алты жолу 12 млрд метр кубдан төмөн болгон, мындай кыйын кезеңдерден чыгып келгенбиз”.

Мырзатай Султаналиев – серепчи:

Кыргызстан эли электр энергияны сарамжалдуу колдонуп өлкөгө жардам кылышы керек

“Кыргызстандын эли ушул оор абалдан чыгышы үчүн электр энергияны туура, сарамжалдуу колдонушу керек. Биз кандай колдонсок суу сактагычтагы суунун деңгээли да ага жараша болот. Таптакыр суу түгөнүп калбашы үчүн, эл туура түшүнүп, кабыл алышы зарыл. Бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келет, суу азайган сайын, кургакчылык күчөгөн сайын талкуулап, чечүү жолун издеп келебиз.

Биз жалгыз эле Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээлин карап, ошол көрсөткүчтөр менен эле алпуруша берсек, бул көйгөйдүн аягы болбойт. Менимче биз кургакчылыктан сактанып, суу көлөмүн көбөйтүүдөн башка чарага өтпөсөк иш жылбайт. Өлкөдө электр энергиясынын 90 пайызы төмөнкү Нарын каскадынын ГЭСтеринен чыгат, башка электр энергиясын өндүрө турган булак жок. Өкмөт дал ушул башка булактарды ишке киргизүүнү ойлонушу керек.

Маселен, биз суудан кургакчылык болуп кыйналып жатсак, башка жакка көңүл коюубуз зарыл да. Жылуулук электр станцияларын курушубуз керек деп ойлойм. Муну аткарууга мүмкүнчүлүк жетиштүү, бизде Кабак көмүр бассейни бар да. Ошол жакта жылуулук электр станциясын курмайынча бул маселе аягына чыкпайт.

Ар бир адам үйдү жылытууда электр энергиясынан башка да булактарга өтүүсү кажет. Эгер бул иш аракеттерди аткарбасак саздан чыга албай калабыз. Акыркы 10 жылдан бери бизде электр энергиясынын баасы өзгөргөн жок. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң арзан энергияны биз колдонуп жатабыз. Эртеңки күнү өкмөт баары бир эсептеп алып тарифти көтөрөт. Тарифтер көтөрүлмөйүнчө, ар бир керектөөчүнүн чөнтөгүнө чапмайынча үнөмдөбөйт жана ойлонбойт дагы.

Бааларды эң негизгиси элге оорчулук болбогондой кылып көтөрүү зарыл. Калк арасындагы карапайым, жакыр адамдарга өздөрүнө тиешелүү бааны коюп, көп короткондорго кымбат кылып коюу керек болот. Ошондо гана электр энергияны сарамжалдуу колдонууну адамдар ойлоно баштайт. Бизде чыгарылган электр энергиясынын 70 пайызына чейин эл колдонуп, 30 пайызы гана өндүрүшкө жумшалууда. Тарифтер жогоруламайынча инвестиция да келбейт, анткени келип ГЭС, ЖЭС курам деген инвесторлор үчүн кайтарымдуулук болушу кажет”.

Бекбоо Маматбеков – серепчи:

Олигархтарга өзүнчө жана карапайым элге өзүнчө тарифтик баа коюлушу керек

“Эгер ушул жол менен кете берсек бардыгын кыйратып алышыбыз мүмкүн. Азыркы тарифтер калктын бүткүл катмарына бирдей коюлган. Эмне үчүн мындай болушу керек? Өтө бай олигархтар бар жана социалдык колдоого муктаж болгон карапайым, кедейлер да бар. Эки кабатттуу, үч кабаттуу үйлөрдө жашаган байларда атайы электр жылыткычы менен бассейни да болот. Эмнеге башкалар сымал эле алар дагы 77 тыйын эле төлөшү керек?

Бааларга саясат жагынан карабай экономикалык жагынан карап, социалдык муктаждыктарды да эске алышыбыз керек. Энергокомпаниялар өздөрүнүн чыгашаларын такыр эле жаба албай жатышат”.

Чоробай Акунов – серепчи:

Кичи жана чоң ГЭСтерди куруу зарылчылыгы чыгып жатат

“Токтогул суу сактагычында суунун запасы жазга чейин жетпей калуу коркунучунда тургандыктан, ар бир үйдө электр энергиясын керек эмес учурда өчүрүп туруш керек. Мамлекеттик мекемелер, оюн-зоок мекемелеринде лимиттердин чектерин кармоо зарыл. Андан сырткары үйлөрдү жылытуунун башка жолдорун да издөө кажет.

Азыр өкмөт Түркмөнстандан, Россиядан электр энергиясын импорттоп, эки-үч жылдан кийин төлөп беребиз деп жатышат. Министр бир апта мурун Өзбекстанга барып келди. Линия ал өлкөдөн өткөндүктөн, барып сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү белгилүү болду. Бирок азырынча, ал кандай барып келди, сүйлөшүү кандай жүрдү айтыла элек.

Канча жылдан бери биз кубаттуулукту көбөйтө элекпиз да. Жыл өткөн сайын керектөөчүлөрдүн саны, өндүрүш массасы көбөйүп келет. Электр энергияны сарптагандар жылына 5 пайызга жогорулап, бирок генерация кылынган жок. Өкмөттө белгилешкендей, мурункудай кичи ГЭС салыш үчүн тигинден уруксат, мындан уруксат деп отуруп кагаздары өтө көп эле.

Эми убакыт өтүп жаткандан кийин кичи жана чоң ГЭСтерди да куруу зарылчылыгы чыгып жатпайбы. Жергиликтүү колунда бар инвесторлор курса жакшы болмок. Башка өлкөлөрдөн эмне үчүн инвесторлорду тарта албай жатабыз? Бизде тарфитерге болгон баа аз болгондуктан аларды кызыктыруу кыйын болуп жатат. Алар эсептеп алып, өз акчаларын 30-40 жылда араң чыгарат экенмин деп кайра басып кетип жатышпайбы. Ошондуктан колунда барларды жана колунда жокторду эки категорияга бөлүп, тарифтин баасын тиешелүү түрдө коюш керек. Азыр ушундай оор кырдаал суу аз мезгилине туш болуп калбадыбы. Суунун молдугунун да өзүнө мүнөздүү циклдери болот эмеспи. Мына ушул фактор да таасирин берүүдө”.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.