Жаңы мыйзам долбоору боюнча кооптонуу бар, – Удовиченко

Мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзам долбоору Кыргызстандагы орус тилдүү жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, орус тилинин ролун кыскартат.

Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Биз «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунун айланасында коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан жагдайга кылдат байкоо жүргүзүүдөбүз. Чынында эле мыйзам долбоордун азыркы түрүнүн кабыл алынышы Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилинин колдонуу чөйрөсүнүн жана орус тилинин укуктарынын кыскарышына алып келет деген кооптонуулар бар.

Орус тилинин Кыргызстандагы жалпы гуманитардык миссиясы тууралуу өлкөдө кадыр-барктуу болгон дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун айткан сөздөрүн эстесек ашыкча болбос. Жетишкендиктерден оңой эле баш тартып коюунун зарылчылдыгы барбы?» — деп жазат ал.