Ош шаардык кеңешинин 25-ноябрдагы кезексиз сессиясында жол кирени көтөрүү боюнча токтом кабыл алынды.
Ага ылайык, маршруттук кичи автобустар кечки саат жетиге чейин 15, андан кийин 20 сомдон жол кире ала турган болду.
Ал эми окуучулар болсо жол киреге беш сомдон төлөшөт.
Муниципалдык транспорттун — троллейбуска жана автобуска жол акысы мурдагыдай 10 сом бойдон калды. Токтом 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.