ӨКМ орун басары кызматтан бошотулду

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка төрага Акылбек Жапаров кол койгон.

Кошумчалай кетсек, Ахматов Калыс 2016-жылдын 25-октябрында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалган.