“Өлкө келечеги ар бириңиздердин колуңуздарда”. Мындай пикирин “Альянс” партиясынан талапкер Чынгыз Айдарбеков Бишкекте шайлоочулар менен жолугушууда билдирди.
Айтымында, бир муштум болуп биригүүгө убакыт келди. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жапа тырмак аракет кылуу керек деген Айдарбеков, куру сындан алыс болууга чакырды.
“Биз аймактарды кыдырып, көйгөйлөр менен жеринде таанышып чыктык. Кайсы жакка барбайлы энергетикалык каатчылык, жолдорун, билим берүү жана медицина тармагынын начарлыгы, таза суунун жоктугу, укук коргоо органдарынын ишинин чабалдыгы, миграциянын агымы тууралуу көйгөйлөрдү айтышууда. Биз качанкыга чейин ушинтип жашай беребиз? Мамлекет качан оңолот? Бул тууралуу олуттуу ой жүгүртүү зарыдл. Өлкө келечеги ар бириңиздердин колуңуздарда. Добуш берүүдө мекенибиздин келечегине кайдыгер карабаңыздар”, – деди Айдарбеков.
Жогорку Кеңештин депутатынын макамы өтө күчтүү экенин айткан талапкер, ар бир эл өкүлү милдетин так аткарышы керектигин баса белгиледи.
АЛЬЯНС – №3 – БИР КҮЧ!
Чынгыз Айдарбеков – №3
Аткаруучу: ОО «Масс Медиа Групп»
Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 155
Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы
Нускасы: 1
Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 24-ноябры
«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).