Картадагы ката: жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт

Башкы прокуратура «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында илинген Кыргызстандын туура эмес картасы боюнча түшүндүрмө берди.

«Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы жеке ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт.

Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп сар-санаа болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк баарыбыз үчүн баарынан жогору турат”, — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

20-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Кадрларда Кыргызстандын картасы туура эмес экени, Ворух анклавы Тажикстандын аймагы менен биригип калганын көрүүгө болот.

Бул социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, кийин сүрөттөр өчүрүлгөн.