Статистикалык комитет: “Көмүрдүн баасы октябрь айына салыштырмалуу 10,1 пайызга жогорулады”

Республика боюнча көмүрдүн чекене баалары 18-ноябрга карата октябрь айына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 10,1 пайызга жогорулап, бир тонна 5 706,0 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүргө болгон эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 039,9 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 718,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 9 091,2 сом) шаарларында катталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн – 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар октябрь айына салыштырмалуу Жалал-Абад – тоннасы 1 196,2 сомго же 20,4 пайызга, Талас – тоннасы 1 290,0 сомго же 22,7 пайызга, Кербен– тоннасы 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга жана Токтогул– тоннасы 1 085,4 сомго же 17,9 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда айдын башына салыштырмалуу Чаек айылында (бир тонна үчүн – 500 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 268 сом), Бишкек (бир тонна үчүн – 174 сом) жана Каракол (бир тонна үчүн – 140 сом) шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.

“Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү”, – деп жазылат маалыматта.