
Бишкектин “Кара-Жыгач” жаңы конушунда мектеп окуучусу өз үйүндө асынып алган абалда табылды.
Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-ноябрда болгон. Маркум баланын апасы кошунасына барып, кайра келгенде баланын сөөгүн тапкан.
Учурда иштин бардык жагдайлары такталууда. Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин РИИБге катталган.