Юрий Бобковго операция жасалды

КРнын Эл артисти Юрий Бобковдун бир бутуна Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде операция жасалды. Бул тууралуу Super.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул ага дайындалган 2 операциянын биринчиси, экинчи бутуна келе жаткан жылдын январь айында жасалат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Досум Үсөн» ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковго операция жасатуу талап кылынып жатканын, операциянын баасы 8000 долларды түзөрү маалымдалган.

Музыкант тизе муун оорусу менен 2015-жылдан бери жабыркап келет.