«Эл Үмүтү» партиясы – №18 Жаштар аракетте!

“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери Таласта эл менен жолугушту

“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуусун улантууда.

“Үмүт кербенинин” кезектеги сапары касиеттүү Талас облусунда уланып, партиянын талапкерлери жергиликтүү эл менен Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында жолугушту. Жолугушууга келген элге талапкерлер өздөрүнүн программасы, депутат болуп шайланып калышса аткара турган иштери тууралуу айтып беришти.

8ab80316 249f 4d27 8439 b44a8f1268a7 «Эл Үмүтү» партиясы – №18 Жаштар аракетте!

Жолушууда “Эл Үмүтү” партиясынан талапкер, Талас элинин кызы, Айгул Конгайтиева сөз сүйлөп, элге төмөндөгүдөй кайрылуу жолдоду: «Үгүт иштерине байланыштуу кичи мекенимди аралап, элимди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен пикир алмаштым. Мен Миң-Булак айылындагы орто мектепте билим алгам. Андан бери жыйырма жылдан ашуун убакыт өттү. Мектепте ушул жылдар аралыгында бир да жолу ремонт болбоптур. Ата-энелер мектепте окуган уул-кыздарын эскилиги жеткен мектептин басып калуусунан кабатыр болушарын айтышты. XXI кылымда биз мектептин авариялык абалына эмес, мектептин окуучуга татыктуу билим берүүсүнө, программасына карап тандай турган учурубуз. Ушундан улам мен билим берүү тармагына кардиналдуу реформа жүргүзүү зарыл экенин түшүндүм. Билим берүү тармагын өзгөртмөйүн мамлекет жакшы жагына өзгөрбөйт. Экинчи жагдай, Кыргызстанга пандемия жайылганда жашообуз уйгу-туйгу болуп, мамлекеттин жардамынан үмүтүбүз үзүлүп ар ким өз жаны менен өзү алек болгон. Республиканын бардык аймактарында медицина тармагында орчундуу көйгөйлөр бар. Бул дагы баарыбызды ойго сала турган маселе. Өлкөнү өзгөртүүгө мезгил келди. Эл эски жүздөрдөн жана шайлоодон жадады. “Эл Үмүтү” – жаштардан куралган таза партия. Элдин үмүтү жаштарда, өлкөнү жаштар өнүктүрөт. “Эл Үмүтү” партиясына добуш бериңиздер”, – деп кайрылды.

Андан соң Кыргызстандагы жаш муундун жигердүү өкүлдөрүнүн бири, “Эл Үмүтү” партиясынан талапкер Нурсултан Кубанов элге кайрылып, партия өкүлдөрү менен болгон жолугушууга келип бергенине ыраазычылык билдирип, өзүнүн кайрылуусун жолдоду: “Чет өлкөдө билим алып, окуп, иштеп келгем. Кыргызстанга келип министрликтердин бирине ишке орношоюн деп аракет кылсам, ал министрликтеги тиешелүү кызматкерлер менден акча сурашкан. Мен ошондо аябай капа болгом. Өлкөбүздө мамлекеттик кызматтар акчага бааланып, сатылып калганын мен ошондо билгем. Ошол күндөн баштап мен жаштарга тил үйрөтүүгө, күчтүү жаштарды тарбиялап чыгууга аракет жасап, IT-адистерин окутуучу «Перспектива» билим берүү борборун негиздегем. Азыркы учурда биздин борбор Кыргызстандын бардык аймактарында үзүрлүү иштеп жатат. Талас облусуна филиалыбызды ачканыбызга эки жыл болду. Эки жыл аралыгында Таласта көп жаштарды окутууга жетиштик. Мен парламентке 100 күндүк программам менен баратам. Эгер депутат болуп калсам, 100 күндө билим берүү жаатында 3 мыйзам долбоорун демилгелейм. Ал мыйзамдар даяр. Биринчиси – курулуш компаниялары төлөп жаткан салыктардын 15 пайызын билим берүүгө бөлдүрүүгө аракет жасайм. Себеби бул мыйзам долбоорун мен Малайзиядан көрүп келгем. Ал жакта билим берүүдө биздикине окшош көйгөйлөр болгон. Жогорудагы мыйзам менен Малайзия өкмөтү билим берүүдөгү көйгөйдү беш жылдын ичинде чечип коюшкан. Экинчиси – бул билим берүү тармагына берилчү лицензиянын шарттарын жеңилдетүү. Азыр лицензия алыш үчүн кызыкдар тарап бери дегенде эки ай министрликтин эшигин кагып чуркашы керек. Жүздөгөн кагаз документтерди даярдоосу зарыл. Бюрократия абдан күч алган. Үчүнчүсү – билим берүүгө инвестиция салам деген ишкерлерди 5 жылдык мөөнөткө салык төлөөдөн бошотушубуз абзел. Эгер сиздер колдоп депутат болуп калсак, биз карап отурбайбыз. Убакыт чектелүү. Биз ишибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз. Азыр айрымдар “жаштар, депутат болсоңор эмне кыласыңар?” деп жатышат. Биз аты бар, заты жок депутат болбойбуз. Таластык туугандар, “Эл Үмүтү” партиясынан Талас элинин сыймыктуу уул-кыздары депутаттыкка бара жатышат. Мисалы, Айгүл эжебиз өлкөдөгү мыкты юристтердин бири болсо, Айбек Ташматов агабыз спорт тармагында өзүнүн орду бар инсан. Андыктан өзүңүздөрдүн добушуңуздарды татыктуу талапкерлерге берип, “Эл Үмүтү” партиясын шайлайсыздар деген зор ишеничтемин”, – деп элди тандоодон жаңылбоого үндөдү.

Эл арасында талапкерлерге алкыш сөзүн айтып, ыраазычылыгын билдиргендер да болду. Алардын бири, Талас шаарынын тургуну Каныш Сапарбаева жаштар бийликке келсе, өздөрү айткан убадаларын аткарып, жыйынтык көрсөтөрүнө ишенерин жашырган жок.

“Эл Үмүтүнүн” мага жакканы – бул партия жаштардын партиясы экен. Ошонусу менен партия мени өзүнө тартты. Билимдүү, курч жаштар биригишиптир. Азыр, чынында, эл эски саясатчылардан тажап калышты. Элге жаңы жүздөр, жаңы адамдар керек болуп турат. Жаштар бийликке келсе, өздөрү айткан убадаларын аткарып, жакшы иштейт го деген ой жаралды”, – деп билдирди ал.

34316cd7 c61a 4e0a 8dee 589bcbe8a46f «Эл Үмүтү» партиясы – №18 Жаштар аракетте!

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Талас элинин кулуну, “Эл Үмүтү” партиясынан талапкер Алибек Ташматов эл менен жылуу саламдашып, шайлоочуларды терең ойлонуп добуш берүүгө чакырды.

“Урматтуу туугандар, мен өзүм Таласта төрөлүп-өстүм. Талас облусунда көйгөйлүү маселелерди жакшы билем. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенип, буурчак өстүрүшөт. Дыйкан маңдай тери менен оруп-жыйнап алган төө буурчакты ортомчусуз сатып берүүнү буга чейин мамлекет уюштуруп бере алган жок. Дыйкандын акысын ортомчулар бөлүшүп келет. Мындан сырткары 2 жылдан бери Талас-Бишкек жолу дагы карапайым эл үчүн көйгөй жаратууда. Эки бел ашып борборго каттайбыз. Жок дегенде жолубузду оңдоп берүүгө көңүл бурулбай, каралбай калды. Эски системаны жаңыламайынча жогорудагы айтылган көйгөйлөр чечилбейт. Мына буга чейин саясатка аралашпаган таза, билимдүү, перспективдүү жаштардан куралган “Эл Үмүтү” партиясы өлкөнүн экономикасын көтөрөт. Туугандар, алданбайлы, сатылбайлы, мурдагы кейпибизди кийип калбайлы. Терең ойлонуп добушуңуздарды жаштарга бериңиздер. Элдин үмүтү жаштарда, жаштар аракетте”, – деп жыйынтыктады.

Күндүн ызгаар суугуна карабай талапкерлер менен жолугушуу үчүн келген таластыктар жолугушуунун соңунда талапкерлерге алкыш сөздөрүн айтып, жаштардан добуштарын аябасын билдирип, ак бата берип узатышты.

Эскерте кетсек, “Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” эл менен болгон алгачкы жолугушуусун Бишкек шаарынан баштап, Чүй облусунда, андан соң Нарын, Ысык-Көл облустарында уланткан. Талапкерлердин эл менен болгон кийинки жолугушуусу тогуз жолдун тоомундагы Токтогул районунда уланмакчы.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп»
Бишкек шаары, Юг-2, 9-41.
Басылган күнү 16 ноябрь 2021-ж.
«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.