Токтогул районунда турак үйдөн өрт чыкты

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Арал айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыкта 1956-жылы туулган үй ээси каза болду.

Өрттүн себеби учурда такталууда.