“Мыкты режиссура” номинациясындага сыйлык “Шамбала” тасмасына ыйгарылды

12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Коркут ата – Tүрк дүйнөсү” эл аралык фильм фестивалында Кыргыз Эл артисти жана режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго “Мыкты режиссура” номинациясында сыйлык ыйгарылды.

Сүйүндүков тарткан “Шамбала” тасмасы фестивалдын толук метраждуу фильмдер номинациясында ат салышкан. Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык “Шамбала” тасмасы Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

Ал эми “Коркут ата – Tүрк дүйнөсү” фильм фестивалынын жана Kыргыз кинематографиясынын 80 жылдыгынын алкагында Түркиянын Стамбул шаарында 10-12-ноябрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер көрсөтүлдү.