Абдывахап Нурбаев: “Эркин чечим чыгара алган бала коомго пайда алып келет”

“Билим берүү – өлкөнү өнүктүрө турган тармак экенине көзүбүз жетет. Мындан улам биздин курам агартуу тармагына басым жасоодо”. Бул тууралуу “Альянс” саясий партиясынын талапкери Абдывахап Нурбаев бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын эли менен жолугушууда айтты.
Ал Парламенттеги пикирлеш депутаттар, Кыргызстандагы мен-мен деген билимдүү жаштар “Альянс” партиясына биригип, шайлоого бара жатканын кошумчалады.

“Өнүккөн мамлекеттердин тарыхын карасак, алар агартуу тармагын реформалап, билим берүүгө өзгөчө басым жасашкан. Балага өз пикирин айтканды, эркин ой жүгүртө билгенди үйрөтүп, “китепте жазылганды гана окуп, ошону гана жаттап келсең жакшы баа аласың” деген түшүнүктөн арылышыбыз керек. Эркин чечим чыгара алган бала коомго пайда алып келет. Азыркы китептерде сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтө турган эреже жок да. Болбосо өнүккөн өлкөлөрдө бул тууралуу окутат. Биз окуучуларды келечекте жашап кетүүгө, чыгармачыл жактан иштөөгө, мамиле курууга үйрөтүшүбүз зарыл”, – деди Нурбаев.

Ал алдыдагы шайлоодо жеңишке жетип, кайрадан депутат болсо, мугалимдердин маянасын дагы да жогорулатуу, мектептерди компьютер, интернет менен камсыздоо, компьютердик программалоо, англис тилин 1-класстан баштап окутуу, ваучердик каржылоо системасына өтүү сыяктуу жакшы демилгелери бар экенин билдирди.

АЛЬЯНС – 3  – БИР КҮЧ!
Абдывахап Нурбаев – 13

photo1636789206 Абдывахап Нурбаев: “Эркин чечим чыгара алган бала коомго пайда алып келет”

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.