Төлөнбек Абдыров: Эгемендигибизди алгандан бери өндүрүштө көптөгөн ишканаларды жоготтук

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 30-октябрь күнү G20 өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинде сүйлөп жатып, дүйнөдө глобалдуу инфляциянын чыгуу коркунучу бар экендигин айткан. Ошондой эле, түрдүү мамлекеттерде бюджет дефицити пайда болуп товарларга жана кызматтарга болгон баа өсүп кетиши мүмкүн экендигин жар салган.

Бул маселе боюнча BULAK.KG сайты экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун пикирин укту.

“Путиндин G20 өлкөлөрүнүн саммитинде айткандары да жүйөлүү нерсе. Анткени аларда жүздөгөн илимий изилдөө институттары бар. Алар азыркы дүйнөдө болуп жаткан процесстерди качырбай карап турушат. Акыркы 2-3 жылдан бери болуп жаткан пандемия каатчылыгы да өзүнүн таасирин берди. Өнүгүү процесстери ушул пандемиядан улам урап, туруксуз болуп калды. Эми аны мурунку калыбына алып келүү үчүн убакыт жана аракет керектелет. Россия өлкө башчысынын айткан сөздөрү да ушуга негизделип жатат.

Азык-түлүк продукциясын да мурункудай көлөмдө чыгарууга убакыт керек. Дүйнөлүк климат боюнча да өзгөрүүлөр болуп жатпайбы. Негизи дүйнөдө кандай гана өнүгүү болбосун өз циклине ээ болот. Азыр чоң циклдердин убагы келип атат, аба ырайына, климатка таасирин тийгизген кубулуштар да болуп жатат. Жалгыз эле Кыргызстанда эмес түркүн мамлекеттерде кургакчылык жүрүп, бардык тармакка терс таасирин тийгизди. Бул процесстер экономиканын көтөрүлүшүнө түздөн-түз залакасын берүүдө.

Кыргызстан эгемендигин алган акыркы 30 жыл ичинде өндүрүш, жеңил, оор өнөр жайларын, айыл чарба ишканаларын жоготуп алды. Буга байланыштуу биз азыктарды чет жактан сатып алабыз. Тышкы соодабыздын структурасын карасак, экспорт болгону 30% түзсө, импорт 70% түзүп жатпайбы. Импорттун ичинде азык-түлүк продукциясы 80 пайызын түзүүдө. Өзүбүз өндүрбөгөндөн кийин башкалардын койгон баасында алып келебиз да.

Доллардын куну өскөн сайын продукцияга да таасирин тийгизет. Бирок мен гиперинфляция болот дегенден алысмын, ошентсе дагы акыркы эки жылда инфляциянын көлөмү чоңоюп кетти. Дүйнөлүк процесс болуп жаткандыктан дагы деле өсүп зыянын тийгизет. Эбактан бери биз сунуш кылып айтып келаткандай, азык түлүк коопсуздугубузду камсыз кылышыбыз керек эле. Эң негизги 9 продукция болсо анын ичиинен үчөө менен эле өзүбүздү камсыз кыла алабыз. Маселен, эт менен 70 %, жумуртка менен 40 %, суу май менен  20%, шекер менен көп дегенде 60 пайыз өзүбүздү камсыз кыла алабыз.

Ун иштетип чыга турган ишканаларыбыздын көбүн атаандаштыкка чыдабай жоготуп алдык. Жалаң эле Казакстан менен Россиянын буудайын алып келип, иштетип чыгарып жатабыз. Элдин курсагын ачырбай, оор каатчылыктарга туш болбош үчүн 100 пайыз өзүбүздү азык-түлүк менен камсыз кылышыбыз керек. Күйүүчү май боюнча деле ошол маселе. Азыр Казакстан бизге сатпай калган соң Россиядан ташып келип жатабыз. Өзүңүздөр көргөндөй газ болобу, күйүүчү майбы же энергетикагабы баалар өсүүдө. Бул процесстер мультипликативдик мүнөзгө ээ болуп, башка продукциянын да бааларын көтөрөт”, – дейт Төлөнбек Абдыров.

YouTube video