Россиялык видеоблогер Витя Кравченко Кыргызстанга келип, 40 минуталык көк-бөрү туураалуу ролик тарткан.
“Бул оюн менен Азиянын эң күчтүү жана коркпогон, тобокелдүү адамдар гана ойной алат. Бул спорт хоккей жана башка спорттун түрлөрүнө салыштырмалуу бир топ оор. Топтун ордуна бул аталган оюнда текени көтөрүп алып ойношуң керек. Спортсмендер ар кандай оор жаракат алуулары мүмкүн, ал эми алардын аттары такыр эле өлүп да калышы абзел.
Мен Кыргызстанга бул оюн менен жакындан таанышып, изилдегени келгем. Буга окшогон оюндар башка жерде жок”, – деп жазган видеонун алдына.
Ролике ал көк-бөрү тууралуу көрүүчүлөргө айтып берип, бул оюнду даңазалап, комментарий кылган.
анын айтуусунда ал оюн менен ойногусу келген, бирок оюн эң татаал жана көп күчтү талап кылган: “Мен аларга калыс болгум келбейт”, бул кооптуу саналган оюнду эч кимге ойнобогула дегим келбейт, ө деп жазган ал.
“Көк бөрүгө жасаган мамиле бул кыргыздар футбол ойногон сыяктуу эле саналат. Жылкыларды жакшы көргөн адамдар бул тасманы көрбөй эле коюууну чакырат элем”, – деген ал.
Кравченко ошондой эле кыргызстандык белгилүү көк-бөрүчү Манас Ниязов менен таанышып, андан интервью алган.