Аза Мигранян: Кыргызстан импорт келишимдеринде доллардан баш тартып, төлөмдөрдү сом менен жүргүзүшү керек

Жалпы дүйнөнү кулачына алган инфляция маселеси, азык-түлүккө баалардын көтөрүлүшү, күйүүчү майлардын кымбатташы жана Кыргызстандын экономикасынын абалы тууралуу BUALK.KG сайтына экономика илимдеринин доктору, профессор, постсоветтик изилдөөлөр Борборунун жетекчи илимий кызматкери Аза Мигранян ою менен бөлүштү.

“Албетте, инфляциянын чыгуу коркунучу бар. Азыр эле анын чекене жана майда дүң соодага тийгизген таасири билинип турат. 

Кыргызстандагы инфляциянын өсүшүнүн себептери – импортко болгон баанын көтөрүлүшү, транспорттук жана логистикалык кызматтардын кымбатташы, COVID-19 га байланыштуу чектөөлөр, түшүмдүүлүктүн төмөндөп кетиши, энергоресурстарга баанын өсүшү жана финансылык ресурстар менен өздүк бюджеттин дефицити.

Дүйнөлүк гранддардын бюджет дефицитинин өсүшү тышкы кредит жана дүйнөлүк рыноктогу баалардын волатилдүүлүгү аркылуу республикадагы абалга кыйыр таасирин берип жатат.

Инфляция басымын токтотуудагы эң жакшы ыкма – азык-түлүк импортуна болгон көз карандылыкты азайтып, өздүк өндүрүш базаны көтөрүү деп айта алам. Бирок бул маселелер тоодой эмгекти талап кылып, узак убакыттан кийин гана чечилиши ыктымал.

Кыска убакытта инфляция ыргагын азайтууга монетардык көзөмөл аркылуу жетсе болот: реалдуу секторго ички инвестицияларды багыттоо менен акчанын жүгүртүлүш ылдамдыгын төмөндөтүү зарыл. Башкача айтканда,  жарандардын жана рынок катышуучуларынын каткан акчалары керектөө чөйрөсүнөн инвестиция тармагына өткөрүлөт.

Булардын бардыгы кичи жана орто бизнести колдоону, салыктардын фискалдуу ролунан баш тартууну жана улуттук өндүрүшчүлөргө салык жагынан стимул берүүчү системага өтүүнү талап кылат.

Бааларды турукташтырууда ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрү жана Кытай Эл Республикасынан продукцияларды импорттоо келишиминде төлөм каражаты катары колдонулган доллардан баш тартып, улуттук валютада иш жүргүзүү чараларын колдонсо болот. Бул процесс валюталык рыноктогу басымды азайтуу менен инфляциянын өсүшүн да төмөндөтүп коюшу мүмкүн”, – дейт Аза Мигранян.

YouTube video