
Кечээ, 7-ноябрда Бишкек шаарынын Курманжан датка көчөсүнүн №206 дарегинде жайгашкан пластик чыгаруучу «Ак-Тилек» заводунан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 22:37де толук өчүрүлдү.Өрт саат 10:00 чамасында башталган, саат 12:21де чектөөгө алынган.
Болжол менен заводдун 800 чарчы метр жери күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жаракат алган.