Улан Ниязбеков ЕККУнун атайын бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен жолукту

Улан Ниязбеков ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

WhatsApp Image 2021 11 05 at 13.11.39 Улан Ниязбеков ЕККУнун атайын бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен жолукту

2021-жылдын 5-ноябрында Австрия Республикасынын Вена шаарында ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын 15-конференциясынын алкагында, ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушууда, Улан Ниязбеков Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин 20 жылдан бери колдоп келе жаткандыгын белгилеп, бирок өзгөчө олуттуу жетишкендиктер 2003-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде Полициялык программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө кесиптик даярдыктын жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жетишээ

рлик жогорку деңгээлине жеткендигин маалымдады.
Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Стратегиялык мерчемдөө бөлүмүн жолугушууну уюштуруп, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына системалуу реформалоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.


Өз кезегинде, ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина, кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

WhatsApp Image 2021 11 05 at 13.11.39 1 Улан Ниязбеков ЕККУнун атайын бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен жолукту
WhatsApp Image 2021 11 05 at 13.11.40 Улан Ниязбеков ЕККУнун атайын бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен жолукту

ИИМдин Басма сөз кызматы