Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Ооганстан менен сүйлөшүүнү улантат.
Биз Афганистанда абалдын батыраак турукташуусу үчүн өлкөнүн өкмөтү менен диалог жана консультацияларды жүргүзүшүбүз керек.
Таалатбек Масадыков “Борбор Азия өлкөлөрү Афганистандагы кырдаалдын фонунда жаңы геосаясий шарттарда” аттуу эл аралык эксперттик конференцияда
Афганистан өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн бүтүндөй дүйнөнүн гуманитардык колдоосуна муктаж болуп турганын белгиледи. Ал ошондой эле гуманитардык миссияны жеткирүүнүн жүрүшүндө өлкөнүн коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат каражаттарында айтылган чыныгы абал менен дал келбестигин байкаганын белгиледи.
“Кыргызстан бай эмес өлкө болсо дагы Афганистандын элине жана Чоң жана Кичи Памирди байырлаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, ЖМКларда айтылып жаткан айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жакында биз ал жакта болгон учурда аялдар паранжа кийбей, кадимкидей эле жоолук салынып, айрымдары беткап, бирөөлөр беткапсыз жүрүшкөнүн байкадык. Мектептер иштеп жатат. Айырмасы эми балдар менен кыздар өзүнчө окушат. Мындан тышкары, мага мейманканага кечки саат 10до эч кандай коштоочуларсыз эле БУУдан кесиптешим келди. Коопсуздук жагынан алганда азыркы абал мурдагыга караганда бир топ жакшы”, – деди Масадыков.