
Жалал-Абад облусунда жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 302-чакырымында, «Газель» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
Өрт өчүрүү бөлүмү белгиленген аймакка саат 17:00 жетип, тилсиз жоону 17:50 толугу менен өчүрүшкөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
