Ысык-Көлдө экстремисттик уюмунун мүчөсүнө карата жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.
Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, Григорьевка айылынын 54 жаштагы тургуну М.М. карата, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 315-беренесинин 1- бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, соттун кароосуна жиберилди.
Райондук милициянын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Ысык-Көл РИИБдин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлерине, Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунун мүчөсү, Григорьевка айылындагы үйүндө эч бир уруксат иш кагаздары жок намазкана ачып алып, ал жерде даават өткөрүп, мыйзамсыз диний адабияттарды таратып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.
Аталган маалымат, Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, райондук милициянын жана Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгү аныкталган. Ал, Григорьевка айылынын 54 жаштагы тургуну, «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмуну мүчөсү М.М. болуп чыккан. Анын жашаган үйүндө мыйзамдуу текшерүү иштери жүргүзүлгөндө, диний мүнөздөгү адабияттар табылып алынган.
Теологиялык экспертиза көрсөткөндөй, алынган адабияттар Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмуна тандык болуп чыкты.