
Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан катышкан талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак 30-октябрда кармалат.
Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54ү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын митинги башаламандыкка айланып, бийликтин алмашуусу менен аяктаган.