Аида Касымалиева төраганын милдетин аткаруучу болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан четтеп, анын ордуна Аида Касымалиева төраганын милдетин аткаруучу болду. Бул туурасындагы маалыматты Касымалиева өзү тастыктады.

«Төрага Талант Мамытов атайын тескеме чыгарып укуктарын убактылуу өткөрүп берди», —  деп билдирди Касымалиева.

Эске салсак, спикер  Мамытов «Ынтымак» саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган болчу. Бирок 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып талапкер катары каттоодон баш тарткан. Анткен менен Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду шайлоого катышуу укугунан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарган.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп 2020-жылдын 4-ноябрында шайланган.