
Бишкекте милиция адашып кеткен өспүрүмдөрдү таап, ата-энесине жеткирип берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-октябрда болжол менен саат 14:15тер чамасында милицияга Чүйков көчөсүнөн эки жаш бала жоголду деген маалымат түшкөн.
Белгилүү болгондой, 5 жаштагы кыз жана 3 жашар бала үйүнөн ойноп чыккан боюнча дайынсыз жоголушкан.
“Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакытта Ибрагимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткен өспүрүмдөрдү таап, ата-энесине жеткирип беришкен”, – деп айтылат маалыматта.