ӨКМдин психологдору көндүрүп, жаран аларды көздөй бет алган

Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан боюн таштап каза болгон 22 жаштагы жаран боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үн катты.

Малыматка ылайкы, саат 12:30дарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматына өзүнүн жанын кыюуга аракет көрүп жаткан жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин 10 адамдан турган куткаруучулары, анын ичинде эки психолог жана бир тез жардам бригадасы дароо жерине барган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору жигит менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүп, сактап калууга аракет кылышкан.

Жигит куткаруучуларга жана психологдорго өз жанын кыюу үчүн чечим кабыл алганын билдирген. 4 сааттык сүйлөшүүдөн кийин жанын кыюуга аракет жасаган жаранды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору көндүрүп, жаран аларды көздөй бет алган. Бирок, күтүүсүздөн бурулуп кабаттан секирген.

Бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт.

Окуя Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулушу бүтө элек имаратта катталган.