Аскар Бешимов Президенттин Аппараттагы кызматына барды

Аскар Бешимов Президенттин администрациясынын саясат жана стратегиялык изилдөө башкармалыгын жетектейт. Бул тууралуу Bulak.kg редакциясына өз булактар билдирди.

Белгилей кетсек, Бешимов «Улуттар Биримдиги» партиясынан Жогорку Кенешке талапкер болгон. Бирок, 27- октябрда талапкерлердин тизмесинен өз каалоосу менен арыз жазып кеткен.

Аскар Бешимов Жалал-Абадда 1962-жылы туулган.

1983-жылы Ош Педагогикалык Институттун механик-математикалык факультетин аяктаган. 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.