
Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
«Бүгүн биз Өзбекстандын ЖККУга кайтып келишинин зарылдыгын көрбөй жатабыз»,-деп билдирген ал.
Бирок ал Өзбекстан Орусия жана кошуна мамлекеттер менен активдүү кызматташып жатканын кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге 1992-жылы Ташкентте Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстандын өлкө башчылары тарабынан кол коюлган. 1993-жылы уюмга Беларусь, Азербайжан жана Грузия кирген. Кийинчерээк Азербайжан менен Грузия ЖККУдан чыккан. 1999-жылы Өзбекстан уюмдан чыгып, кайра 2006-жылы кайтып келген. Бирок 2012-жылы уюмдан кайра чыгып кеткен. Учурда ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.