
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында ӨКМге Биринчи май районунун Н.Исанов көчөсүндө Чоң Чүй каналынын боюнда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, суудан 10-октябрь күнү Ч.Валиханов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен 1986-жылды туулган С.Т. аттуу эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.