Нарында милиция 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Нарын облустук ички иштер башкармалыгында 2021-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2021 10 26 at 10.18.01 Нарында милиция 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Кечээ, 25-октябрь күнү Нарын облустук ички иштер органдарынын жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны өткөрүлдү.

2021-жылдын 9 ай ичинде Нарын облустук ички иштер органдарынын жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп, ага Нарын ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков жана орун басарлары, башкармалыктын тармактык кызмат жетекчилери, Нарын ШРИИБнүн башчылары, орун басарлары жана тармактык кызмат жетекчилери катышты.

Ыкчам кеңешмеде Нарын ОИИБнын 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, жарандарды кабыл алуу, алар тараптан түшкөн арыз-даттанууларды, билдирүүлөрдү кароо тартиби тууралуу маалымат берилип, 9 ай аралыгында кетирилген кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча да баса белгиленди.

Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө,коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен айрым кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

WhatsApp Image 2021 10 26 at 10.18.01 1 Нарында милиция 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Иш-чаранын жыйынтыгында Нарын ОИИБнын начальниги милициянын полковниги А.Жумабеков өздүк курам арасында тартип маселеси, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана ар бир ишке так жоопкерчиликтүү болууну, милициянын көчмө кабылдамасы менен тынымсыз иш алып барууну,жарандардын ар бир арыз даттануууларды тыкыр көзөмөлгө алып, эл менен тыгыз иш алып барууну жана алдыда боло турган шайлоого даярдыктарды көрүү, шайлоого байланышкан иштерге аралашпоону баса белгилеп, жалпы жыйынга катышкан кызматкерлерге иштерине ийгилик каалады.