Бажы кызматынын жетекчилиги алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги алмашты. Башкармалыктын башчысы жана анын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты Вulak.kg’ге аталган кызматтан тастыкташты.

Бүгүн Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болду. Анын орун басарлары Кыялбек Мукашев менен Кубаныч Шатемиров дагы иштен кетти. Маалым болгондой, кызматтан кетүү алардын «башка кызматтарга» которулушу менен байланыштуу.

Буга чейин жаңы жетекчилерди дайындоо маселеси чечилген.