Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулук менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча, Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы тиркемеде:Kyrgyz-Respublikasynyn-Prezidentine-karashtuu-Antikorruptsiyalyk-ishkerdik-ke-eshtin-kuramyСкачать
Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты болуп коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу саналат.
Кеңештин жеке курамын Президент Кеңештин башкы катчысынын сунушу боюнча бекитет.
Аталган Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.