Бишкек шаарында өткөн “Бахус” рейдинин жүрүшүндө эки күндө 35 мас айдоочу аныкталып, 612 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде 1 миң 520 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Анын ичинен;
– мас абалында автоунаа башкарган 35 айдоочуга 612 миң 500 сом айып салынды;
– айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу – 14;
– автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 11;
– башка жол эрежелерин бузуулар – 1 миң 460. Ар кандай эреже бузган 137 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.