Матраимов 2 миллиард сом, соода борборун, бюджетке төгүп берген

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кайра кызматка алып келүү тууралуу мамлекеттин саясаты жок экенин айтты.

«Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары соода борбору, үйлөрүн алып төгүп берди. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды. Аны мененджер деп айткандар өзүн блогер деген адамдардын чыгарып алганы болсо керек. Мамлекеттин андай саясаты жок», — деди ал.