Мыйзам жол берет! Байсалов Швециядагы жашоого уруксаты тууралуу жооп берди

Швецияга убактылуу жашоого уруксаатым жок. Болбогон кеп! Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирген.

“Биз Россияда жашап жаткан жокпуз да, мыйзамдарды карагыла, мындай нерсе эч жерде жазылган эмес”, деди ал.

Байсалов «2019, 2020-жылы дагы мен эч жерге, эч кандай арыз менен кайрылган эмесмин. 2008-2010-жылдары Швецияда жашаганым жалпыга белгилүү. 2010-жылдын 8-апрелинин таңында мекениме учуп келгем. Ооба, өспүрүм кызым Швецияда жашайт. Бирок, бул менин жашоом, менин жеке себептерим, мамлекеттик жашоого эч кандай тиешеси жок. Көчүп кетүүгө мүмкүн болгон миллион мүмкүнчүлүктөргө карабай, Кыргызстанда жашап жатам жана мындан ары дагы жашай берем», — деп жооп берген.

Буга чейин айрым басылмаларда Байсаловдун Швециянын ratsit.se ачык маалымат базасында 2019-жылдын 30-апрелинде жашап турууга уруксат сурап арыз менен кайрылганы айтылган.

92aeb301 949d 4062 aec9 ec53ec2496fb Мыйзам жол берет! Байсалов Швециядагы жашоого уруксаты тууралуу жооп берди