
Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.
Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Молдоисаеванын ордуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болот. Анын талапкерлиги парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде колдоо тапкан.