
Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчы Токон Мамытовдун отставкасын кабыл алышты.
Буга чейин Токон Мамытов парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал бул кызматка 2018-жылы 26-сентябрда дайындалган.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.