
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалат.
Маалым болгондой, жарандык берүү жана жарандыктан чыгаруу боюнча жалпы 1 260 (865 чоң киши, 395 бала) арыз келип түшкөн. Тизмеден көрүнүп тургандай, жарандык алгандардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн.
Мунун негизинде өлкө башчы үч жарлык менен 1 207 адамды (820 чоң киши, 387 бала) жарандыкка кабыл алса, дагы бир жарлык менен 53 адамды (45 чоң киши, 8 бала) жарандыктан чыгарган.