Ош шаарында 3 баланын энеси асынган абалда табылды

Ош шаарында 3 баланын энеси болгон келиндин жансыз денеси асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кабар келип түшкөн, анда Ош шаарынын Туран кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринен 30 жаштагы келиндин жансыз денеси асылган абалда табылганын билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда маркум Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну экени такталып, өзүнүн апасынын үйүнүн кире беришиндеги устунга моюн орогучу менен асынган. Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.