
Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
Анын айтымында биздин жарандар эмгек мигранттары катары COVID-19га каршы ПЧР тестин терс жыйынтыгы менен мисалы Россиянын аймагына кире алышат.
“Жарандар “COVID-19суз саякаттайбыз” тиркемесин телефонго көчүрүп алышы керек, ал бардык ЕАЭБ өлкөлөрдө иштейт, ошентип тоскоолдуксуз саякаттоого болот. Дагы бир жолу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы бардык аба каттамдары калыбына келтирилгенин белгилеп кетким келет”, – деди ал.