
Бишкек шаарындагы Ботаникалык бактан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү саат 12:00 чамасында М.М. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза жасалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.