Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу өзгөртүүсүз берилди:
«Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо органдарынын жана кесиптик кошуундардын урматтуу кызматкерлери! Чын жүрөктөн сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын.
Сиздер иштеген чөйрө — ар бир үй-бүлөнүн, ар бир баланын жана ар бир карыянын кызыкчылыктарына байланыштуу. Өз кызматыңарды сүйүп, ага берилип, башкалардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабай боорукерлик жана кайрымдуулук менен мамиле жасоо жөндөмүңүздүн аркасында сиздер бир топ ийгиликтерге жетишип, нечендеген адамдардын ажатын ачып келесиздер.
Калкты социалдык жактан коргоонун ролу жыл сайын жогорулоодо, ошондуктан Кыргыз Республикасында бул жааттагы саясатка көп көңүл бөлүнүп келет. Ушул маанилүү чөйрөнү өнүктүрүүдөгү жигердүү жылыштын анык далили катары жарандарды колдоо чараларынын кеңейип жаткандыгын атоого болот.
Ушул күндөрү өлкөбүздө калкты социалдык жактан коргоо системасы акырындык менен жаңыланып жатат. Бул тармакка заманбап технологиялар киргизилип, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү кеңейип, алардын сапаты жакшырууда. Кем-карч адамдар аларды ишке орноштуруу үчүн кызыктыруучу программаларга тартылып, майып кишилердин көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык талап-ченемдер киргизилүүдө. Социалдык коргоо чөйрөсүн санариптештирүү менен калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жакшырууда.