
Бүгүн, 19-октябрда Грецияда ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугу старт алды. Аталган чемпиондук 19-октябрдан 24-октярбга чейин Лутраки шаарында өтөт.
Кыргызстандын атынан 6 спортчу кетти.
Грек-рим күрөшү:
70 килограммга чейинки салмак ченинде – Калмурза Жолдубаев (С дивизиону)
Эркин күрөш:
70 килограммга чейинки салмак ченинде – Талант Бегалиев (Е дивизиону )
88 килограммга чейинки салмак ченинде – Роман Сарыбаев (Е)
88 килограммга чейинки салмак ченинде – Арген Бегалиев (В)
100 килограммга чейинки салмак ченинде – Чынарбек Изабеков (D)
130 килограммга чейинки салмак ченинде – Сааданбек Ниязов (Е)
Калыстар – Азамат Бекмырзаев жана Куват Ахметов
Бугүн 3 спортчу чемпионаттагы өз жүрүшүн башташат.