
Президент Садыр Жапаров Президенттик администрациянын башкармалыктарынын начальниктерин дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.
Жарлыктарга ылайык:
— Мурат Укушов Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы;
— Алтынбек Эргешов чечимдердин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
— Кубатбек Кожоналиев чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы;
— Алмаз Исанов саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.